Directory

Осипов Юрий Сергеевич - Википедия Мазмунга өтүү

Осипов Юрий Сергеевич

Википедия дан

Осипов Юрий Сергеевич (7. 7. 1936-ж. туулган, Тюмен облусу, Тобольск шаары) – орус математиги, механиги жана педагогу, физика-математика илимдеринин доктору (1971), профессор (1975). СССР ИАнын (1987) жана РИАнын академиги (1991). А. М. Горький атындагы Урал мамлекеттик университетин (УрМУ) аяктаган (1959). 1961–69-ж. УрМУда аспирант, ассистент, доцент, 1969–93-ж. СССР ИАнын Урал бөлүмүнүн математика жана механика институтунда лаборатория башчысы, дифференциялык теңдемелер бөлүмүнүн башчысы, институттун директору болгон. 1991–2013-ж. РИАнын президенти. Колдонмо математика жана механика боюнча адис. Негизги илимий изилдөөлөрү дифференциалдык теңдемелерге арналган. 170дөн ашык илимий эмгектин автору. Ленин (1976) жана РФтин мамлекеттик (1993) сыйлыктарынын лауреаты. Эмгектери: Основы метода динамической регуляризации: учебное пособие (в соавторстве). М., 1999; Математические события XX века (в соавторстве). М., 2003.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]